# Алай райондук кеңешинин 2012-жылдын 28-мартындагы №19/1 "Алай райондук кеңешинин 2011-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Алай райондук кеңешинин 2012-жылдын 28-мартындагы №19/1 "Алай райондук кеңешинин 2011-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/1
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26709>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2049/edition/339067/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26709.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Алай райондук кеңешинин 2012-жылдын 28-мартындагы №19/1 "Алай райондук кеңешинин 2011-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө" токтому (28.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26709

---

АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

Алай райондук кеңешинин II чакырылышынын XIX заседаниясы

2012-жылдын 28-марты № 19 /1 Алай райондук кеңешинин 2011-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө Алай райондук кеңешинин бир жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкулоонун негизинде Алай райондук кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Райондук кеңештин бир жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү билдирүүсүндөгү уюштуруучулук иш аракеттери жактырылсын.

2. Райондук кеңеш жана анын депутаттары шайлоочулардын мыйзамдуу суроо талаптарын, сунуштарын, арыз даттанууларын канааттандыруу максатында аткаруу бийлиги менен бирдиктүү иш алып баргандыгы белгиленсин.

3.Кыргыз Республикасынын кабыл алып жаткан мыйзамдардын, токтомдордун жана программалардын алкагында иш алып баруу, андагы негизги милдеттерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана айыл калкына толук жеткирүү менен аларды турмушка ашыруу райондук кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жамааттык уюмдарынын милдеттери болуп эсептелинсин.

4. Райондук кеңеш жана анын депутаттарынын аткарган иш аракеттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана анын жамааттары менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сунушталган улуттар аралык ынтымактык биримдикке чакыруу менен андагы негизги милдеттерди турмушка ашыруу, калктын жашоо деңгээлин көтөрүү, калктар арасында ынтымактыкты чыңдоо жана райондун социалдык жактан өнүгүүсүн жогорулатууга багытталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алу райондук кеңештин аппаратына тапшырылсын.

Алай райондук кеңешинин төрагасы

Н.М.Жеенбеков
