Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Араван райондук кенешинин «Араван районунун аймагындагы Бирлик, Алтын-Үрөн жана Янги-Юль үрөөнчүлүк чарбаларын үрөн жетиштирүүдө алып барып жаткан иштери жөнүндө» токтому
АРАВАН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-февралы № 21-4 Араван районунун аймагындагы Бирлик, Алтын-Үрөн жана Янги-Юль үрөөнчүлүк чарбаларын үрөн жетиштирүүдө алып барып жаткан иштери жөнүндө ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван районунун “Бирлик”, “Алтын-үрөн” жана “Янги-Юль” үрөөнчүлүкчарбаларын үрөн жетиштирүүдө алып барып жаткан иштери жетишсиз экендиги белгиленсин.
2. Районубуздагы “Бирлик”, “Алтын-үрөн” жана “Янги-Юль” үрөөнчүлүкчарбаларынын мындан ары өркүндөшүнө натыйжалу иш жүргүзүү максатында атайын иш чаралар иштеп чыгуу жана көзөмөл жүргүзүү жагы райондук агрардык өнүктүрүү башкармасына сунушталсын.
3. “Бирлик”, “Алтын-үрөн” жана “Янги-Юль” үрөөнчүлүкчарбалары пахта буудай эгиндерин өстүрүүдө толук агротехникалык эрежелер негизинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармасына бир айдын ичинде райондо үрөнчүлүктүн эффективдүүлүгүн ашыруу жана үрөнчүлүк чарбаларын ишин оёдоо боюнча иш чараларын иштеп чыгып, райондук Кеңешине сунуштасын.
5. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармасы жана үрөнчүлүк чарбалары районубуздун дыйкан жана фермердик чарбаларына сапаттуу түшүмдүлүгү жогору болгон үрөндөр менен толук камсыздоо максатында пахта жана кылкандуу дан эгиндери жаңы райондоштурулган сортторун таап алып келип эгүү көбөйтүү жагы тапшырылсын.
6. 2012- жылда пахта эгинин зыянкечтерине каршы күрөшүү жана алдын алуу максатында атайын облустагы ТES борборунун адистеринин жардамы менен үрөнчүлүк жана дыйкан фермердик чарбалардын 2012- жылда эгилүүчү паха аянтарын зыянкечтерге, ооруларына каршы күрөшүүнү уюштуруу жагы райондук агрардык өнүктүрүү башкармаысына жана айыл өкмөттөрүнө сунушталсын.
7. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармасы зыянкечтерге каршы күрөшүүдө бир биолабаратория ачууну уюштурсун.
8. Районубузда айыл чарба эгиндерин ооруларына жана зыянкечтерине каршы күрөшүүдө саппаттуу уу химикаттардын пайдалануу максатында атайын уу химикаттарын сатуучу фирмалар, компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүү жана аларга райондук борборунан дүкөн таап берүү жагы райондук агрардык өнүктүрүү башкармасына сунушталсын.
9. 2012- жылда керектелүүчү айыл чарба эгиндерин үрөндөрү менен район тургундарын камсыздоодо максатында жетпеген пахта үрүнүн таап келуу жагы райондук агрардык өнүктүрүү башкармаысына жана айыл өкмөттөрүнө тапшырылсын.
10. Райондо үрөнчүлүк чарбаларын өнүктүрүү максатында Райондук агрардык өнүктүрүү башкармасы тарабынан эсептелген эсеби негизинде үрөнчүлүк чарбаларын айдоо аянтын айыл өкмөтүнүн КБФ нун жерлеринин эсебинен көбөйтүү жана аларга ар тараптуу жардам көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчыларына тапшырылсын.
11. “Бирлик”, “Алтын-үрөн” жана “Янги-Юль” үрөөнчүлүкчарбалары тарабынан пахта буудай өстүрүүдө сугат суусу менен узгултуксуз камсыздоодо суу чарба башкармалыгына тапшырылсын.
12. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы райондук Кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясыа тапшырылсын.
Араван райондук кеңешинин төрагасы
К.Г.Айтибаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.