# Сары-Колот айылдык кеңешинин 2011-жылдын 15-октябрындагы №1 "Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөргө киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Колот айылдык кеңешинин 2011-жылдын 15-октябрындагы №1 "Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөргө киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2029/edition/349539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26687.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Колот айылдык кеңешинин 2011-жылдын 15-октябрындагы №1 "Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөргө киргизүү жөнүндө" токтому (15.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26687

---

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Колот айылдык кеңешинин кезексиз (үчүнчү шайланган) V сессиясы

2011-жылдын 15-октябры №1 Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөргө киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергилмктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №101; мыйзамына ылайык жана депутаттардын Кара-Суу райондук Кеңешинин 2011-жылдын, 11-авгусундагы №01М2-115 сандуу катын аткаруу максатында жана Сары-Колот айылдык кеңешинин (мыйзамдуулук) туруктуу комиссиясынын каралгандыгын эске алып, күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Колот айылдык Кеңешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Регламенттин текстинде жазылган Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамы «Жергиликтуу өз алдынча бошкаруу жөнүндө» Мыйзамы деп өзгөртүлүп жазылсын. Сары-Колот айылдык кеңешинин регламента төмөндөгүдөй толукталсын:

## 2-глава:

2. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жирымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектоолоруун аныктоо:

-ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды кутуунун тартибин аныктоо: Регламент 3.1. главасы менен тиркемегё ылайык толукталсын. Сары-Колот айыдык өкмөтүн жооптуу катчысына (К. Эргешовго) Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентин киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул регламетин Юстиция министирлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.

Сары-Колот айылдык кеӊешинин төрагасы

Т. Тагаев

Сары-Колот айылдык кеӊешинин жоопту катчысы

Б. Батиров
