# Сары-Колот айылдык кеңешинин 2011-жылдын 5-ноябрындагы №4 "Айылдык округуна келген гуманитардык жардамды (жер семирткичти) бөлүштүрүү жөнүдө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Колот айылдык кеңешинин 2011-жылдын 5-ноябрындагы №4 "Айылдык округуна келген гуманитардык жардамды (жер семирткичти) бөлүштүрүү жөнүдө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26686>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2028/edition/349537/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26686.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Колот айылдык кеңешинин 2011-жылдын 5-ноябрындагы №4 "Айылдык округуна келген гуманитардык жардамды (жер семирткичти) бөлүштүрүү жөнүдө" токтому (05.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26686

---

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Колот айылдык округунун айылдык кеңешинин (үчүнчү шайланган) төртүнчү сессиясы

2011-жылдын 5-ноябры №4 Айылдык округуна келген гуманитардык жардамды (жер семирткичти) бөлүштүрүү жөнүдө Айылдык округуна келген гуманитардык жардамды (жер семирткичти) калыс бөлүштүрүү максатында күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап Сары-Колот айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык округуна келген гуманитардык жардам калктуу конуштардагы шайлоочулардын санына бөлүнсүн.

2. Айыл башчылар гуманитардык жардам алган жарандардын тизмесин тактап, айылдык округдун соцкызматкерине беришсин. (тизмеси тиркелсин).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына жана айылдык округдун тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

Сары-Колот айылдык кеӊешинин төрагасы

Т. Тагаев

Сары-Колот айылдык кеӊешинин жоопту катчисы

Б. Батиров
