# Алай райондук кенешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы №16/8 "Алай районунун айылдык округдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Алай райондук кенешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы №16/8 "Алай районунун айылдык округдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16/8
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26676>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2018/edition/338215/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26676.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Алай райондук кенешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы №16/8 "Алай районунун айылдык округдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому (20.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26676

---

АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Алай райондук Кенешинин II чакырылышынын XVI заседаниеси

2011-жылдын 20-декабры №16/8 Алай районунун айылдык округдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө Кыргыз Републикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесинин 3-пунктуна, “Кыргызжердолборлоо” инистутунун райондун айыл округундагы административдик чек араларын тактоо долбоору сунуштаган материалдарга жана райондук мамлекеттик администратциясынын 2011-жылдын 17-декабрдагы айындагы № 369 чу токтомуна ылайык райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын жетекчиси К.Мөнөкбаевдин маалыматынын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш, пикирлерин эске алып Алай райондук Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө, Жошолуу, Ленин, Алай, Жаны-Алай, Талды-Суу, Сары-Таш, Сары-Могол, Корул, Үч-Дөбө айылдык округдарынын чек араларын такталган чек ара сызыктары боюнча бекитилсин.

2. Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл, Будалык, Бүлөлү, айылдык округдарынын чек арасын тактоодо келип чыккан талаш-тартыш маселелерге байланыштуу алардын чек арасын тактоо кийинкиге калтырылсын.

3.Сары-Могол айылдык округунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2004-жылдын 2-июлундагы №1064-II-20 токтому менен бекитилген чек арасы өзгөртүүсүз калтырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин айыл чарбасы, жер, жер реформасы, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.

Алай райондук кеңешинин төрагасы

Т.Сарыбашов
