# Алай райондук кенешинин 2011-жылдын 10-ноябрындагы №15/3 "Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2011-жылдын 11-октябрындагы № 9/1 токтому жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Алай райондук кенешинин 2011-жылдын 10-ноябрындагы №15/3 "Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2011-жылдын 11-октябрындагы № 9/1 токтому жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15/3
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26668>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2010/edition/338199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26668.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Алай райондук кенешинин 2011-жылдын 10-ноябрындагы №15/3 "Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2011-жылдын 11-октябрындагы № 9/1 токтому жөнүндө" токтому (10.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26668

---

АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Алай райондук Кенешинин II чакырылышынын кезексиз XVI заседаниеси

2011-жылдын 10-ноябры № 15/3 Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2011-жылдын 11-октябрындагы № 9/1 токтому жөнүндө Алай райондук Кеңеши Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2011-жылдын 11-августундагы № 21/3 токтомун, райондук мамлекеттик администрациясынын сунуш катын райондук Кенештин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кенештердин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп талкуулоосунун негизинде Алай райондук Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык округундагы Боз-Караган айылында жаңыдан курулуп жаткан ат майданы Алимбек Датка ат майданы деп аталсын.

2. Алымбек Датка ат майданына байланыштуу юридикалык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалышын камсыз кылуу Коңур-Дөбө айылдык округунун башчысы Т.Жээнбековго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кенештердин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.

Алай райондук кеңешинин төрагасы

Т.Сарыбашов
