# Корул айылдык кеңешинин 2012-жылдын 1-февралындагы №30/4 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренсинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык Айла районунун Корул айылдык Кенешинин депутаттарынын XXX сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2012-жылдын 1-февралындагы №30/4 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренсинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык Айла районунун Корул айылдык Кенешинин депутаттарынын XXX сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30/4
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26664>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2006/edition/604574/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26664.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2012-жылдын 1-февралындагы №30/4 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренсинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык Айла районунун Корул айылдык Кенешинин депутаттарынын XXX сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында" токтому (01.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26664

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин IV чакырылышынын XXX заседаниесинин

2012-жылдын 1-февралы №30/4 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренсинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык Айла районунун Корул айылдык Кенешинин депутаттарынын XXX сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМЫН:

1. Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.

2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин.

-2012-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү; -ири мүйөздүү мал бир баш үчүн 40 сом; -кой-эчкилер бир баш үчүн 12 сом; -жылкылар бир баш үчүн 40 сом; -кирешелр жана чыгашалар сметасы (тиркелет). Эскертүү: Эгерде башка айыл өкмөтүнүн чабандары, падачылары, элдери жайытты уруксаты жок өз алдынча пайдаланса, ар бир кой-эчкинин башына 20 сомдон, жылкы, уйдун башына 50 сомдон 100 сомго чейин төлөшөт.

3. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуш кылган бюджет сметасы 166384 /бир жүз алтымыш алты мин үч жүз сексен төрт/ сом менен бекитилсин.

4. Жайыт акыларды элдерден чогултуу үчүн, атайын төлөмдөрдү өндүрүүгө штаттар жок болгондуктан, келишим түзгөн адамдарга айлык акы үчүн өдүрүлгөн акчаны 20% эсебинде сметада каралган жайыт комитетинин төрагасынын айлык акы эсебинен төлөнүп берилсин.

5. Корул айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жайыт акы салыктарды жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.

6. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге жүктөлсүн.

Корул айылдык кеӊешинин төрагасы

Т. Маназаров
