# Корул айылдык кеңешинин 2011-жылдын 30-декабрындагы №29/2 "Корул айыл өкмөтүнүн аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2011-жылдын 30-декабрындагы №29/2 "Корул айыл өкмөтүнүн аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29/2
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26658>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2000/edition/349595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26658.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2011-жылдын 30-декабрындагы №29/2 "Корул айыл өкмөтүнүн аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө" токтому (30.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26658

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин IV чакырылышынын XXIX заседаниеси

2011-жылдын 30-декабры №29/2 Корул айыл өкмөтүнүн аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Токой кодексинин талаптарына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин 2011-жылдын 25-августундагы №01-13/223-буйругуна, ушул багытта кабыл алынган Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 17-ноябрындагы №960-буйругуна жана Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жыл 21-октябрь №188 буйругуна ылайык айыл өкмөтүнүн аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна жол бербөө, жергиликтүү калктын отун продукциясына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагында тез жетилүүчү терек жана кара тал дарактарын отургузуу демилгесин колдоо» максатында Корул айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул айыл өкмөтүнүн аймагында тез жетилүүчү терек, кара тал көчөттөрүн жол боюна, арык, канал жээктерине, үлүш жана тамарка жээктерине жана плантация тибине олтургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан Корул айыл өкмөтүнүн тийиштүү иш-чара пландарыбекитилсин.

2. Корул айыл өкмөтүнүн калкынын бир жылдык ишке жарамдуу жана отундук продукцияга болгон муктаждыктарынын эсеби жана 2012-жылдын жаз айларында отургузула турган тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүнүн өлчөмү (саны) тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

3. Ушул токтомдун аткарылышын каимсыз кылуу жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге, айыл башчыларына жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин экология, жаратылыш ресурстары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Корул айылдык кеӊешинин төрагасы

Т. Маназаров
