# Корул айылдык кенешинин 2011-жылдын 24-ноябры № 28/1 "Корул айыл өкмөтүнүн бюджетинин I жарым жылдыкта аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кенешинин 2011-жылдын 24-ноябры № 28/1 "Корул айыл өкмөтүнүн бюджетинин I жарым жылдыкта аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28/1
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26651>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1994/edition/338605/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26651.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кенешинин 2011-жылдын 24-ноябры № 28/1 "Корул айыл өкмөтүнүн бюджетинин I жарым жылдыкта аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча" токтому (24.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26651

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кенешинин IV чакырылышынын XXVIII заседаниеси

2011-жылдын 24-ноябры № 28/1 Корул айыл өкмөтүнүн бюджетинин I жарым жылдыкта аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча Корул айылдык Кенешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул айыл өкмөтүнүн бюджетинин I жарым жылдыкта ФЭБ башчысы Т.Абдыкадыровдун жүргүзгөн иштери эске алынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 6 айлык планы айрым өзгөртүүлөрдүн негизинде 8842,2 мин сомго жеткизилген, ал эми 2011-жылдын 6 айында аткарылганы 8892,8 мин сомго, же болбосо 100 % га аткарылгандыгы, ал эми айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 7638,3 мин сомго, же болбосо 85,9%га аткарылгандыгы белгиленсин.

3. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүктөрүнүн 2011-жыл ичинде такталган планын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы, ФЭБ башчысы А.Абдырахмановго, салык инспектору А.Абласановго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге милдеттендирилсин.

Корул айылдык кенешинин төрагасы

Т.Маназаров
