# Жоош айылдык кенешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги №12/10 "Жоош айылдык округунун аймагындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарга ата-энелери тарабынан төлөнүүчү ( родительский взнос ) акча каражатын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жоош айылдык кенешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги №12/10 "Жоош айылдык округунун аймагындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарга ата-энелери тарабынан төлөнүүчү ( родительский взнос ) акча каражатын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/10
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26631>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1974/edition/337991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26631.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жоош айылдык кенешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги №12/10 "Жоош айылдык округунун аймагындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарга ата-энелери тарабынан төлөнүүчү ( родительский взнос ) акча каражатын бекитүү жөнүндө" токтому (14.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26631

---

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Карасуу району Жоош айылдык округдук Кенешинин 4-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы

2011 –жылдын 14-апрели № 12/10 Жоош айылдык округунун аймагындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарга ата-энелери тарабынан төлөнүүчү ( родительский взнос ) акча каражатын бекитүү жөнүндө Жоош айылдык округунун ФЭБ башчысы Н. Кадырованын жана балдар бакчаларынын башчылырынын билдируусун угуп жана талкуулап чыгып бюджет боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинин токомуна ылайык Жоош айылдык округдук Кенешинин 4-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айылдык округунун аймагындагы балдар бакчаларында тарбиялануучу балдарга ата-энелер тарабынан төлөнүүчү (родительский взнос ) акча каражаты төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

- Большевик айылындагы «Тамчы» балдар бакчасында тарбияланган 1 (бир) балага айына 500 сомдон жалпысы 90 балага бир жыл учун 540,0 мин сом.

- Мамажан айылындагы «Акылман бебек» балдар бакчасында тарбияланган 1 (бир) балага айына 450 сомдон жалпысы 90 балага бир жыл үчүн 486,0 мин сом.

- Агарту айылындагы «Тамчы» балдар бакчасынын филиалында тарбияланган 1 (бир) балага айына 750 сомдон жалпысы 25 балага бир жыл учун 225,0 мин сом .

2. Айыл өкмөтү боюнча 3 (уч) балдар бакчасында тарбияланган 205 балага ата-энелер тарабынан төлөнүүчү ( родительский взностун ) бир жылдык көлөмү 1251,0 мин өлчөмүндө бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Жоош айылдык кеңешинин төрагасы

А. Утуров
