# Жошолу айылдык кеңешинин 2011-жылдын 19-декабрындагы №24-4 "Жошолу айылдык округуна караштуу соц. обьектилердин кыш мезгилиндеги абалы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жошолу айылдык кеңешинин 2011-жылдын 19-декабрындагы №24-4 "Жошолу айылдык округуна караштуу соц. обьектилердин кыш мезгилиндеги абалы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24-4
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26605>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1948/edition/349581/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26605.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жошолу айылдык кеңешинин 2011-жылдын 19-декабрындагы №24-4 "Жошолу айылдык округуна караштуу соц. обьектилердин кыш мезгилиндеги абалы жөнүндө" токтому (19.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26605

---

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык кеңешинин IV чакрылышынын XХIV заседаниеси

2011-жылдын 19-декабри №24-4 Жошолу айылдык округуна караштуу соц. обьектилердин кыш мезгилиндеги абалы жөнүндө Жошолу айылдык округуна караштуу соц. обьектилердин кыш мезгилине карата абалы жөнүндө айылдык округдун башчысынын орун басарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл округка караштуу бардык мектептердин, мекемелердин бөлмөлөрүндө жылуулук сакталып, жумуш жана окуу процесси үзгүлтүккө учурабай журуп жаткандыгы белгиленсин.

2. Ш.Сатиев атындагы орто мектебинде класс бөлмөлөрүндө жылуулук нормадагыдай сакталбай жаткандыгы эске алынып, мектеп жетекчисинин жана чарбалык иштер боюнча жетекчисинин орун басарынын тийиштүү денгээлде иш жүргүзбөй жаткандыгы белгиленсин жана мындан ары мектепте жылуулукту нормадагыдай абалга келтирүү жагы мектеп директоруна жана чарбалык иштер боюнча орун басарына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун башчысынын орун басары Т.Абдрахмановго милдеттендирилсин.

Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы

К. Алдашев
