# Кара-Кулжа райондук кенешинин кезексиз 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 18\\4 "Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын орун басарын убактылуу кайра шайлоо"

- Толук аталышы: Кара-Кулжа райондук кенешинин кезексиз 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 18\\4 "Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын орун басарын убактылуу кайра шайлоо"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18/4
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26600>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1943/edition/338106/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26600.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Кулжа райондук кенешинин кезексиз 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 18\\4 "Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын орун басарын убактылуу кайра шайлоо" (19.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26600

---

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин кезексиз он сегизинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

2011-жылдын 19-сентябры № 18\\4 Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын орун басарын убактылуу кайра шайлоо

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык жана райондук Кеңештин Регламентинин 13-главасынын 13,4 пунктун негизге алып Кара-Кулжа райондук Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын орун басары № 1 – алты мандаттуу Таш-Кыя шайлоо округунан райондук Кеңештин депутаты Айдаров Турсунбай азыркы убакта ооруп, райондук Кеңештин иштерине катыша албай жаткандыгына байланыштуу, анын ордуна депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп № 2 – жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан райондук Кеңештин депутаты Алишов Азамат шайлансын.

2. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта аткарат.

Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы

К. Алиязов
