# Кара-Кулжа райондук кенешинин 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 18\\2 "Кара-Кулжа райондук Кеңешинин аппаратына штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Кулжа райондук кенешинин 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 18\\2 "Кара-Кулжа райондук Кеңешинин аппаратына штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18/2
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26598>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1941/edition/339381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26598.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Кулжа райондук кенешинин 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 18\\2 "Кара-Кулжа райондук Кеңешинин аппаратына штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө" токтому (09.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26598

---

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин кезексиз он сегизинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

2011-жылдын 19-сентябры № 18\\2 Кара-Кулжа райондук Кеңешинин аппаратына штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16- июлундагы - “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-августундагы № 452 – “Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык Кеңештерин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна негиздеп депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин аппаратына мурда кармалып келген катчы – иш кагаздарын жүргүзүүчү жана бөлмө тазалоочулук бирден штаттык бирдиктери сакталып калуу менен райондук Кеңештин эсеп иштерин жүргүзүү жагы Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын эсепчисине кошумча жүктөлсүн.

2. 2009-жылдын 15-январындагы № 2/4 – “Кара-Кулжа райондук Кеңештин аппаратына жаңы штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө” депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин экинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышынын токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы райондук Кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы З.Шалтаков) жана райондук Кеңештин аппаратына тапшырылсын.

Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы

К. Алиязов
