# Кара-Кулжа райондук кенешинин 2011-жылдын 22-ноябрындагы № 19/7 "Кара-Кулжа районунун аймагындагы аттулдарга “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун Жобосун иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Кулжа райондук кенешинин 2011-жылдын 22-ноябрындагы № 19/7 "Кара-Кулжа районунун аймагындагы аттулдарга “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун Жобосун иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/7
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26594>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1938/edition/337858/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26594.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Кулжа райондук кенешинин 2011-жылдын 22-ноябрындагы № 19/7 "Кара-Кулжа районунун аймагындагы аттулдарга “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун Жобосун иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтому (22.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26594

---

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин он тогузунчу сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

2011-жылдын 22-ноябры № 19/7 Кара-Кулжа районунун аймагындагы аттулдарга “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун Жобосун иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 – беренесинин 2-бөлүкчөсүнө жана депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин регламентине ылайык депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Кулжа районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өздөрүнүн чоң салымдарын кошкон атуулдарга Кара-Кулжа райондук Кеңеши тарабынан “Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун Жобосун иштелип чыгуу боюнча төмөндөгү курамда райондук Кеңештин депутаттарынан атайын комиссиясы түзүлсүн:

1. Алишов Азамат - Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын убактылуу орун басары, №2 жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан

депутат, комиссиянын төрагасы

2. Исманова Нурлан - Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын

орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөлөрү:

3.Ибраимов Сейтакун - Райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы

4.Жолдубаев Акмат - №2 жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан депутат

3.Козубаев Төрөш - №3 үч мандаттуу Жаңы-Талаа шайлоо округунан депутат

4.Париев Эрнуст - №5 үч мандаттуу Чакан-Таш шайлоо округунан депутат

5. Курманалиев Жумабай - №6 төрт мандаттуу Алайку шайлоо округунан депутат

2.Токтом райондук “Мезгил үнү” гезитине жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин аппаратына тапшырылсын.

Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы

К. Алиязов
