# Кара-Кулжа райондук кенешинин 2011-жылдын 22-ноябрындагы № 19/6 "Кашка-Жол айылдык округдук Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрь – “Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңы мектептин курулушу жөнүндө” № 18/1 – токтому жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Кулжа райондук кенешинин 2011-жылдын 22-ноябрындагы № 19/6 "Кашка-Жол айылдык округдук Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрь – “Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңы мектептин курулушу жөнүндө” № 18/1 – токтому жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/6
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26593>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1937/edition/337856/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26593.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Кулжа райондук кенешинин 2011-жылдын 22-ноябрындагы № 19/6 "Кашка-Жол айылдык округдук Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрь – “Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңы мектептин курулушу жөнүндө” № 18/1 – токтому жөнүндө" токтому (22.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26593

---

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин он тогузунчу сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

2011-жылдын 22-ноябры № 19/6 Кашка-Жол айылдык округдук Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрь – “Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңы мектептин курулушу жөнүндө” № 18/1 – токтому жөнүндө “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун 13-пунктчасына ылайык Кашка-Жол айылдык округдук Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрь – “Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңы мектептин курулушу жөнүндө” № 18 – токтомун талкуулап көрүп Кара-Кулжа райондук Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Жол айылдык округдук Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 18/1 – “Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңы мектептин курулушу жөнүндө”– токтому колдоого алынсын.

2. Райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына (Э.Абдраев) жана райондук архитектура бөлүмүнө (Ж.Чобоев) Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңыдан курула турган мектептин курулушуна байланыштуу иш кагаздарын тез арада бүткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңыдан курула турган мектептин иш кагаздарын бүткөрүүгө жумшала турган акча каражаттары Октябрь айылынын жашоочуларынын эсебинен төлөнө тургандыгы белгиленсин.

4. Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы элдик “Ашар” ыкмасы менен 1950-жылы курулган мектептин эскилиги жеткендигине байланыштуу анын ордуна мамлекеттик бюджеттин эсебинен жаны мектеп куруп берүү жана жаңы мектептин курулушунун планын 2012-жылга киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы райондук Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери жана экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларына ( торагалары А.Жолдубаев, З.Шалтаков) тапшырылсын.

Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы

К. Алиязов
