Кара-Кулжа райондук кенешинин «Кашка-Жол айылдык округдук Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрь – “Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңы мектептин курулушу жөнүндө” № 18/1 – токтому жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин он тогузунчу сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы
2011-жылдын 22-ноябры № 19/6 Кашка-Жол айылдык округдук Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрь – “Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңы мектептин курулушу жөнүндө” № 18/1 – токтому жөнүндө “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун 13-пунктчасына ылайык Кашка-Жол айылдык округдук Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрь – “Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңы мектептин курулушу жөнүндө” № 18 – токтомун талкуулап көрүп Кара-Кулжа райондук Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айылдык округдук Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 18/1 – “Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңы мектептин курулушу жөнүндө”– токтому колдоого алынсын.
2. Райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына (Э.Абдраев) жана райондук архитектура бөлүмүнө (Ж.Чобоев) Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңыдан курула турган мектептин курулушуна байланыштуу иш кагаздарын тез арада бүткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңыдан курула турган мектептин иш кагаздарын бүткөрүүгө жумшала турган акча каражаттары Октябрь айылынын жашоочуларынын эсебинен төлөнө тургандыгы белгиленсин.
4. Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы элдик “Ашар” ыкмасы менен 1950-жылы курулган мектептин эскилиги жеткендигине байланыштуу анын ордуна мамлекеттик бюджеттин эсебинен жаны мектеп куруп берүү жана жаңы мектептин курулушунун планын 2012-жылга киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы райондук Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери жана экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларына ( торагалары А.Жолдубаев, З.Шалтаков) тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы
К. Алиязов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 240 " Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2005 · № 240 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 мая 2002 года №299 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О присвоении безымянной вершине высотой 5201 метр, находящейся в районе ледника…Постановление · 14.05.2002 · № 299 · Күчүн жоготкон