# Кара-Кулжа райондук кеңешинин 2011-жылдын 22- ноябрындагы №19/1 "Кара-Кулжа районунун 2011-жылга бекитилген бюджетинин 2011-жылдын 9-айынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Кулжа райондук кеңешинин 2011-жылдын 22- ноябрындагы №19/1 "Кара-Кулжа районунун 2011-жылга бекитилген бюджетинин 2011-жылдын 9-айынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/1
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26588>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1932/edition/337846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26588.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Кулжа райондук кеңешинин 2011-жылдын 22- ноябрындагы №19/1 "Кара-Кулжа районунун 2011-жылга бекитилген бюджетинин 2011-жылдын 9-айынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтому (22.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26588

---

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин кезектеги он тогузунчу сессиясынын ( 4- шайланган) жыйналышы

2011-жылдын 22- ноябры №19/1 Кара-Кулжа районунун 2011-жылга бекитилген бюджетинин 2011-жылдын 9-айынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө

Кара-Кулжа районунун 2011жылга бекитилген бюджетинин 2011-жылдын 9-айынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндөгү Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин милдетин аткаруучу С.Баимбетовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын райондук Кеңешинин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын сунушун эске алып депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кулжа районунун 2011-жылга бекитилген бюджетинин 2011-жылдын 9-айынынын кирешелер бөлүгү 40449,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 35067,6 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (№ 1, №2 тиркемелер тиркелет)

2. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин резервдик фонду 2011-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен 338,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. ( №3 тиркеме тиркелет).

3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен кошумча келип түшкөн акча каражаттарынын аткарылышы бекитилсин. (№4 – тиркеме тиркелет)

4. Райондук жергиликтүү бюджетте турган мекеме уюмдардын статьялардан статьяларга ылайык №5 тиркеме ылайык жылдырылсын. (№5 тиркеме тиркелет)

5. Райондук аймагында бюджете турган мекеме-уюмдарга берилген акча каражаттарынын өз максаттарына жумшалышын туруктуу көзөмөлгө алуу жагы райондук финансы бөлөмүнүн жетекчилигине, ал эми салык өңдүрүүнү өз деңгээлинде жолго коюу жактары райондук салыктар жана жыйымдар башкармалыгына милдеттендирилсин.

6. Мугалимдердин эмгек акыларынын өз убагында берилишин камсыз кылуу айылдык округдардын башчыларына, ал эми анны камсыз кылууну көзөмөлдөө жагы райондук финансы бөлүмүнө (С.Толонов) милдеттендирилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (З.Шалтаков) жана райондук Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.

Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы

К. Алиязов
