Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин «Кабылан-Көл айылдык округунун аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйуусуна бөгөт коюу жөнүндө» токтому
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын IХ заседаниеси
2011-жылдын 14-декабры №9/5 Кабылан-Көл айылдык округунун аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйуусуна бөгөт коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин талаптарына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин 2011-жылдын 25- августунан № 01-13/223- буйругуна, ушул багытта кабыл алынган Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жыл 21 октябрь № 188 буйругуна ылайык айылдык округдун аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалдык кыйылуусуна жол бербөө, жергиликтүү калктын отун продукциясына болгон мактаждыктарын камсыз кылуу үчүн айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек жана кара тал дарактарын олтургузууу демилгесин колдоо максатында Кабылан-Көл айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кабылан-Көл айылдык округунун аймагында тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүн жол боюна, арык канал жээктерине, үлүш жана там арык жээктерине жана плантация тибинде олтургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан Кабылан-Көл айыл округунун тийиштүү иш – чара пландары бекитилсин.
2. Кабылан-Көл айылдык округдун калкын бир жылдык ишке жарамдуу жана отун продуцияга болгон муктаждыктарынын эсеби жана 2012-жылдын жаз айларында олтургузула турган тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүнүн өлчөмү ( саны ) тиркемеге ылайык бекитилсин( тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кылуу Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковага, айыл башчыларына жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктууу комиссиясына тапшырылсын.
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин төрагасы
Ш. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 240 " Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2005 · № 240 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 ноября 2001 года N 706 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской…Постановление · 14.11.2001 · № 706 · Күчүн жоготкон