# Кабылан-Көл айылдык округунун жайыт комитетинин аткарган иштеринин абалы жөнүндө

- Толук аталышы: Кабылан-Көл айылдык округунун жайыт комитетинин аткарган иштеринин абалы жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/2
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26573>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1917/edition/349058/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26573.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кабылан-Көл айылдык округунун жайыт комитетинин аткарган иштеринин абалы жөнүндө (14.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26573

---

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын IХ заседаниеси

2011-жылдын 14-декабры №9/2 Кабылан-Көл айылдык округунун жайыт комитетинин аткарган иштеринин абалы жөнүндө Кабылан-Көл айылдык округунун жайыт комитетинин аткарган иштеринин абалы жөнүндө Жер жана айыл чарба, экономикалык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы депутат М.Мадаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кабылан-Көл айылдык округунун жайыт комитетинин аткарган иштеринде бир топ кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин.

2. Жайыт комитетинин ишинин аткарган ишинде кетирилген кемчиликтерди тез аранын ичинде жөнгө салуу Жайыт комитетинин төрагасы А.Пусуровго милдеттендирилсин.

3. Жайыт комитетинин мындан ары өнүгүшунө көмөктөшүү жана эл арасында жайыт төлөмдөрүн төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштуруу айыл округунун башчысы Б.Садыковага жана айылдык кеңештин депутаттарына тапшырылсын.

Кабылан-Көл айылдык кеңешинин төрагасы

Ш. Акаев
