# Жоош айылдык кенешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги №12/6 "Жоош айылдык Кеңешине Калинин айылынын 04.02.2011-жылдагы маркумду узатуудагы үчүлүк, бейшембилик, кырк, айттык деген диний ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча келип түшкөн арыздарды кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жоош айылдык кенешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги №12/6 "Жоош айылдык Кеңешине Калинин айылынын 04.02.2011-жылдагы маркумду узатуудагы үчүлүк, бейшембилик, кырк, айттык деген диний ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча келип түшкөн арыздарды кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/6
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1895/edition/337979/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жоош айылдык кенешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги №12/6 "Жоош айылдык Кеңешине Калинин айылынын 04.02.2011-жылдагы маркумду узатуудагы үчүлүк, бейшембилик, кырк, айттык деген диний ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча келип түшкөн арыздарды кароо жөнүндө" токтому (14.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26551

---

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Карасуу району Жоош айылдык округдук Кеңешинин 4-чакырылыш кезектеги 12-сесеиясы

2011–жылдын 14-апрели № 12/6 Жоош айылдык Кеңешине Калинин айылынын 04.02.2011-жылдагы маркумду узатуудагы үчүлүк, бейшембилик, кырк, айттык деген диний ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча келип түшкөн арыздарды кароо жөнүндө Калинин айылынын 04.02.2011-жылдагы маркумду узатуудагы үчүлүк, бейшембилик, кырк, үчүнчү айттык деген диний ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча элдик жыйындын протоколунун жана токтомунун негизинде Жоош айылдык округдун Кеңешинин 4-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл округунун аймагында маркум өткөн күнү чоң союш союууга, үчүлүк, бейшембилик ,кырк, айттык деген диний ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюуу салынсын.

2. Жогорудагы диний ырым-жырымдарды контролго алуу үчүн ар бир айылда айыл активдеринен ( эл башы, айыл молдосу, аксакалдар соту, жаштар комитети, аялдар комитетине, айыл башчы ) комиссия түзүлсүн.

3. Токтомдун №1 пунктунда көрсөтүлгөн диний ырым-жырымдарды комиссияга баш ийбей өткөргөн атуулдарга 30,0 мин сом штрафка кириптер кылынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, андат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Жоош айылдык кеңешинин төрагасы

А. Утуров
