# Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2011-жылдын 26-декабрындагы № 14/3 "Элди социалдык жактан коргоо жана пенсия, пособиелердин төлөнүү абалы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2011-жылдын 26-декабрындагы № 14/3 "Элди социалдык жактан коргоо жана пенсия, пособиелердин төлөнүү абалы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14/3
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26536>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1881/edition/349048/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26536.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2011-жылдын 26-декабрындагы № 14/3 "Элди социалдык жактан коргоо жана пенсия, пособиелердин төлөнүү абалы жөнүндө" токтому (26.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26536

---

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Төбө айылдык кеңешинин кезектеги заседаниеси

2011-жылдын 26-декабры № 14/3 Элди социалдык жактан коргоо жана пенсия, пособиелердин төлөнүү абалы жөнүндө Үч-Төбө айыл округунун аймагында элди социалдык жактан коргоо аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө соц.паспорттор толтурулуп, жакыр үй-бүлөө экендиги аныкталып мамлекеттик жөлөк пулдар чегерилүүдө. Бирок өз убагында документ алууда кемчилдиктер болуп, документ алуу графиги түзүлбөгөн. Ошондой эле айыл округунун аймагындагы почта бөлүмдөрүндө бардык эле мамлекет тарабынан берилүүчү пенсия пособиелер өз убагында үзгүлтүксүз берилүүдө. Жогорудагылардын негизинде Үч-Төбө айылдык кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө социалдык паспорт толтуруу, жөлөк пул чегерүү иштери өз убагында жүргүзүү жана кемчилдиктерди четтетүү айыл округунун социалдык кызматкерине милдеттендирилсин.

2. Айыл округунун аймагында пенсия, пособиелердин төлөнүү, таркатуу абалы канааттандыраарлык деп белгиленсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т. Акматовго тапшырылсын.

Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы

С. Маматалиев
