# Кара-Суу шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-октябрындагы №18/2 "Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин аппаратынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-октябрындагы №18/2 "Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин аппаратынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18/2
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1843/edition/337822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-октябрындагы №18/2 "Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин аппаратынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому (20.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26498

---

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин (IV чакырылышынын) XVIII сессиясынын заседаниеси

2011-жылдын 20-октябры №18/2 Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин аппаратынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 токтомуна ылайык Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны тиркемеге ылайык бекитилсин (№1 тиркеме).

2.Кара-Суу шаарынын мэриясына (А.К.Рахимов) депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык бирдиктерин кармоого кетүүчү чыгымдарды 2011-жылдын 1-октябрынан Кыргыз Республикасынын Каржы Министирлиги менен макулдашып камсыз кылуу жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жана Кара-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы

Т. Алиев
