# Кара-Кочкор айылдык кенешинин 2011-жылынын 16-февралындагы №17/3 "«Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши менен жергиликтүү калктын өз ара маалымат алмашууларын уюштуруунун тартиби жөнүндөгү» Жобо жана Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин жергиликтүү калк менен маалымат алмашуулары боюнча 2011-жылга түзүлгөн иш чараларынын планы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Кочкор айылдык кенешинин 2011-жылынын 16-февралындагы №17/3 "«Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши менен жергиликтүү калктын өз ара маалымат алмашууларын уюштуруунун тартиби жөнүндөгү» Жобо жана Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин жергиликтүү калк менен маалымат алмашуулары боюнча 2011-жылга түзүлгөн иш чараларынын планы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17/3
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26470>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1815/edition/336644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26470.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Кочкор айылдык кенешинин 2011-жылынын 16-февралындагы №17/3 "«Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши менен жергиликтүү калктын өз ара маалымат алмашууларын уюштуруунун тартиби жөнүндөгү» Жобо жана Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин жергиликтүү калк менен маалымат алмашуулары боюнча 2011-жылга түзүлгөн иш чараларынын планы жөнүндө" токтому (16.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26470

---

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин кезексиз он жетинчи сессиясынын (IV-шайланган) жыйналышынын

2011-жылдын 3-марты №17/3 «Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши менен жергиликтүү калктын өз ара маалымат алмашууларын уюштуруунун тартиби жөнүндөгү» Жобо жана Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин жергиликтүү калк менен маалымат алмашуулары боюнча 2011-жылга түзүлгөн иш чараларынын планы жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарында турган маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндөгү» мыйзамын ишке ашыруу боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 8-майындагы № 240 жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агенттиги тарабынан иштелип чыгып жактырылган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү калктын өз ара маалымат алмашууларын уюштуруунун тартиби жөнүндөгү» типтүү Жобонун негизинде иштелип чыккан Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши менен жергиликтүү калктын өз ара маалымат алмашууларын уюштуруунун тартиби жөнүндөгү Жобонун» жана Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин жергиликтүү калк менен маалымат алмашуулары боюнча 2011-жылга түзүлгөн иш-чараларынын планын долбоорлорун угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.«Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши менен жергиликтүү калктын өз ара маалымат алмашууларын уюштуруунун тартиби жөнүндөгү» Жобо жактырылсын ( №1 тиркеме тиркелет ) жана Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин жергиликтүү калк менен маалымат алмашуулары боюнча 2011-жылга түзүлгөн иш чараларынын планы бекитилсин.(№2 тиркеме тиркелет ). Жактырылган Жобо жана бекитилген иш-чаралардын планы айылдык округдун аймагында аткарууга алынсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө , маалыматтарды түздөн түз берүү жана маалымат алмашуунун башка формаларын айылдык округунун Кеңешинде камсыз кылуу милдети маалымат алмашуу боюнча адиси Тургунбек уулу Канатка жана айылдык округунун башчысынын орун басары К. Кожомбердиевке жүктөлсүн.

Кара-Кочкор айылдык округдук кеңешинин төрагасы

Т. Кайыпкулов
