# Ленин айылдык кенешинин 2011-жылынын 17-июнундагы №19/1 "Согонду айылдык маданият үйүнүн башчысы Ч.Осмоновдун,Күн-Элек айылдык маданият үйүнүн башчысы А.Салаеванын жүргүзгөн иштери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ленин айылдык кенешинин 2011-жылынын 17-июнундагы №19/1 "Согонду айылдык маданият үйүнүн башчысы Ч.Осмоновдун,Күн-Элек айылдык маданият үйүнүн башчысы А.Салаеванын жүргүзгөн иштери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/1
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26336>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1684/edition/336195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26336.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ленин айылдык кенешинин 2011-жылынын 17-июнундагы №19/1 "Согонду айылдык маданият үйүнүн башчысы Ч.Осмоновдун,Күн-Элек айылдык маданият үйүнүн башчысы А.Салаеванын жүргүзгөн иштери жөнүндө" токтому (17.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26336

---

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык округунун Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIX заседаниесинин

2011-жылдын 17-июну №19/1 Согонду айылдык маданият үйүнүн башчысы Ч.Осмоновдун,Күн-Элек айылдык маданият үйүнүн башчысы А.Салаеванын жүргүзгөн иштери жөнүндө Согонду айылдык маданият үйүнүн башчысы Ч.Осмоновдун отчетун угуп жана талкуулап . Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Согонду айылдык маданият үйүнүн башчысы Ч.Осмоновдун калк арасында жүргүзгөн маданий массалык иштери белгиленсин.

2.Маданият үйүнүн башчысы А.Салаеванын жылдык иш-пландары түзүлбөй эле айыл округунда көргөзмөсү менен иштеп жаткандыгы белгиленсин жана сессияга келбегендиктен анын кызмат абалын кароо айыл округунун башчысы А.Салиевке тапшырылсын.

3.Уюштуруу иштеринде кетирилип жаткан кемчилдиктерди жоюуу иш-пландарын түзүп айыл өкмөтүнө бекитирүү жана пландардын аткарылышын үзгүлтүксүз камсыз кылуу маданият үйүнүн башчысы А.Салаевага милдеттендирилсин.

4.Маданият үйлөрү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын сарпталышын жана аренда акыларынын төгүлүшүн көзөмөлдөө айыл округунун кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБ башчысы Б.Мамановко милдеттендирилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ленин айылдык округунун башчысынын орун басары С.Равмановко милдеттендирилсин.

Ленин айылдык округунун кеңешинин төрагасы

Н.Матанов
