Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ленин айылдык кенешинин «Согонду айылдык маданият үйүнүн башчысы Ч.Осмоновдун,Күн-Элек айылдык маданият үйүнүн башчысы А.Салаеванын жүргүзгөн иштери жөнүндө» токтому
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык округунун Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIX заседаниесинин
2011-жылдын 17-июну №19/1 Согонду айылдык маданият үйүнүн башчысы Ч.Осмоновдун,Күн-Элек айылдык маданият үйүнүн башчысы А.Салаеванын жүргүзгөн иштери жөнүндө Согонду айылдык маданият үйүнүн башчысы Ч.Осмоновдун отчетун угуп жана талкуулап . Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Согонду айылдык маданият үйүнүн башчысы Ч.Осмоновдун калк арасында жүргүзгөн маданий массалык иштери белгиленсин.
2.Маданият үйүнүн башчысы А.Салаеванын жылдык иш-пландары түзүлбөй эле айыл округунда көргөзмөсү менен иштеп жаткандыгы белгиленсин жана сессияга келбегендиктен анын кызмат абалын кароо айыл округунун башчысы А.Салиевке тапшырылсын.
3.Уюштуруу иштеринде кетирилип жаткан кемчилдиктерди жоюуу иш-пландарын түзүп айыл өкмөтүнө бекитирүү жана пландардын аткарылышын үзгүлтүксүз камсыз кылуу маданият үйүнүн башчысы А.Салаевага милдеттендирилсин.
4.Маданият үйлөрү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын сарпталышын жана аренда акыларынын төгүлүшүн көзөмөлдөө айыл округунун кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБ башчысы Б.Мамановко милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ленин айылдык округунун башчысынын орун басары С.Равмановко милдеттендирилсин.
Ленин айылдык округунун кеңешинин төрагасы
Н.Матанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 240 " Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2005 · № 240 · Күчүн жоготкон