# Корул айылдык кенешинин 2011-жылынын 21-сентябрындагы №27/4 "Корул айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кенешинин 2011-жылынын 21-сентябрындагы №27/4 "Корул айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/4
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26318>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1668/edition/335958/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26318.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кенешинин 2011-жылынын 21-сентябрындагы №27/4 "Корул айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө" токтому (21.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26318

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXVII кезексиз заседаниесинин

2011-жылдын 21-сентябры №27/4 Корул айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 236 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүкчөсүнө ылайык 2011-жылдын 21-сентябрында Корул айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы менен Корул айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Корул айыл өкмөт башчысы болуп, айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган Жороев Абазбек Алтынович шайланды деп эсептелинсин.

2.Корул айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, көпчүлүк добушка ээ болуп шайланган Жороев Абазбек Алтынович Корул айыл өкмөт башчысы кызматына дайындоо жөнүндө буйрук берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.Корул айыл өкмөтүнүн башчысы кызматка шайланган 21.09.2011-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болгон Жороев Абазбек Алтыновичке тийиштүү үлгүдөгү күбөлүк берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Жээмуратовага милдеттендирилсин.

Корул айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары

Т.Осмонова
