# Катта-Талдык айылдык кенешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы №16-1 "Катта-Талдык айылдык кенешинин регламентные толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Катта-Талдык айылдык кенешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы №16-1 "Катта-Талдык айылдык кенешинин регламентные толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16-1
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1657/edition/337472/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26306.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Катта-Талдык айылдык кенешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы №16-1 "Катта-Талдык айылдык кенешинин регламентные толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (09.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26306

---

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 9-сентябры №16-1 Катта-Талдык айылдык кенешинин регламентные толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" №101 мыйзамына ылайык жана Депутаттардын Кара-Суу райондук Кенешинин 2011-жылыдын 11-августундагы № 01/12-115 сандуу катын аткаруу максатында жана Катта-Талдык айылдык Кенешинин (Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо, байланыш, электр энергиясы жана айылдык кенештин иштери боюнча туруктуу комиссиясы) туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катта-Талдык айылдык кенешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-Регламенттин текстинде жазылган Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы деп өзгөртүлүп жазылсын.

2. Катта-Талдык айылдык кенешинин регламента төмөндөгүдөй толукталсын:

1) 2-главага:

-алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганг чейинки чектөөлөрүн аныктоо;

- ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;

2) регламент 3.1. главасы менен тиркемеге ьшайык толукталсын.

3. Катта-Талдык айылдык кенешинин жооптуу катчысына (К.Даткаевге) Катта-Талдык айылдык кенешинин регламентин киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул регламентти Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.

4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Катта-Талдык айылдык кенештин тийиштүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагасы

А.Акаев

2011 -жылдьн 9 сентябрындагы Катта-Талдык айылдык кеңешинин сессиясынын №16-сессиясынын №16/1токтомуна тиркеме

Катта-Талдык айылдык кеңешинин регламентинин 3-1 главасы

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча айылдык кенештин депутаттары жана депутаты тарабынан көрсөтүүнүн тартиби

3-1.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кенешинин депутаттары, депутаты тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу мененайылдык кенештин чакырылыш мөөнөтүнөайылдык кенешинин депутаттары тарабынан шайланат. 3-1.2. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, эгердеайылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса болуп өттү деп эсептелет.айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. 3-1.3. Айылдык округдун башчысына талапкерлерди сунуштаганайылдык кенештин депутаттары же депутаты шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбей аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгү документтерди сунуштайт:

1) айыл өкмөтүнүн башчьшыгына талапкерди көрсөтүү жөнүндөгүайылдык кенештин чечими

2) талапкердин айылдык округдун башчысы кызматына шайлоого катышууга макулдук арызы

3) талапкердин өмүр баяны

4).адистерди каттоого алуу боюнча сүрөтү жабыштырьшган өздүк баракчасы (личный листок по учету кадров)

5) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинен көчүрмөсү

6) ноториалдык күбөлөндүрүлгөн жогорку билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү.

7) резюме (справка-объективка)

Катта-Талдык айылдык кеңешинин жооптуу катчысы

К. Даткаев
