# Сары-Колот айылдык кенешинин 2011-жылдын 15-сктябрындагы №1 "Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Колот айылдык кенешинин 2011-жылдын 15-сктябрындагы №1 "Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1656/edition/346514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Колот айылдык кенешинин 2011-жылдын 15-сктябрындагы №1 "Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26305

---

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Колот айылдык кеӊешинин кезексиз (IV-шайланган) IV-сессиясы

2011-жылдын 15-октябрындагы №1 Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»№101 мыйзамына ылайык жана депутаттардын Кара-Суу райондук Кеңешинин 2011-жылдын 11-августундагы №01/12-115 сандуу катын аткаруу максатында жана Сары-Колот айылдык кеңешинин (мыйзамдуулук) туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, күн тартибиндеги маселени карап жана тарлкуулап депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Регламенттин текстинде жазылган Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамы деп өзгөртүлүп жазылсын.Сары-Колот айылдык кеңешинин регламенти төмөндөгүдөй толукталсын: 2-главага:

2. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун , ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо; -ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;

3. Регламент 3.1. главасы менен тиркемеге ылайык толукталсын. Сары-Колот айылдык кеңешинин жооптуу катчысына (К.Эргешовго)Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентин киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул регламентти Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Колот айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Сары-Колот айылдык кеӊешинин төрагасы

Т. Тагаев
