# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан борборлоштурулган билим берүү иш-чараларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан борборлоштурулган билим берүү иш-чараларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 576
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-3030/edition/474301/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан борборлоштурулган билим берүү иш-чараларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" токтому (21.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26279

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 21-октябры № 576 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан борборлоштурулган билим берүү иш-чараларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан борборлоштурулган иш-чараларды жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
