# Закон КР от 22 сентября 1999 года № 101 "О базовых ставках акцизного налога на подакцизные товары, ввозимые и производимые юридическими и физическими лицами в Кыргызской Республике,на 2000 год"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 22.09.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.1999
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-248/edition/464421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 22 сентября 1999 года № 101 "О базовых ставках акцизного налога на подакцизные товары, ввозимые и производимые юридическими и физическими лицами в Кыргызской Республике,на 2000 год" (22.09.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/262

---

КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 1999-жылдын 22-сентябры № 101

2000-жылга Кыргыз Республикасындагы юридикалык жана жеке жактар тарабынан ташып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын негизги өлчөмдөрү жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/262/st-1)

2000-жылга Кыргыз Республикасындагы юридикалык жана жеке жактар тарабынан ташылып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын негизги өлчөмдөрү бекитилсин:

Акциздик товарлар

Акциздик салыктын өлчөмдөрү көлөмгө карата сом (кг,л,даана,т) жана дүң баага, бажы наркына карата

Тамак-аш чийки заттарынан өндүрүлгөн ичүүчү этил спирти жана тазаланган этил спирти (өздөрүндө өндүрүүгө лицензия болгондо товар өндүрүүчү тарабынан аракты, ликер-арак ичимдиктерин, спирт кошулган суусундуктарды, спирт кошулган ширелерди, бальзамды, шараптарды иштеп чыгуу үчүн жана ченемдердин чегинде атайын керектөөчүлөргө берилүүчүдөн башка)

1 литри/70 сом

Арак

1 литри/40 сом

Ликер-арак ичимдиктери \*

1 литри/40 сом

Спирт кошулган суусундуктар, спирт кошулган ширелер жана бальзамдар \*

1 литри/40 сом

Шараптар \*\*

1 литри/10 сом

Коньяктар

1 литри/25 сом

Шампан шараптары

1 литри/20 сом

Идишке куюлган пиво

1 литри/ 3 сом

Идишке куюлбаган пиво

1 литри/ 2 сом

Шарап материалдары

1 литри/ 2 сом

Тамекилер: - чыпкалуу сигареттер - чыпкасыз сигареттер

100 даанасы/70 сом 100 даанасы/15 сом

Тамекини, анын ичинде ферменттелген тамекини камтыган башка нерселер

1 кг/4 сом

Алтындан, платинадан же күмүштөн жасалган зер буюмдары

15%

Иштетилген жана иштетилбеген жүндүү терилер (крот, коен, элик, ит, кой жана уй терисинен башка)

5%

Пальтолорду, чолок пальтолорду, жакеттерди, накидкаларды, палан- тиндерди, боаларды, моюн орогуч- тарды, баш кийимдерди жана жака- ларды, тондорду, пластиналарды кошо алганда накта жүндүү тери- ден тигилген кийимдер (крот, коен, элик, ит, кой жана уй терисинен башка)

5%

Жүндүү терилер (крот, коен, элик, ит, кой жана уй терисинен башка) менен жасалгаланып тигилген паль- толор, чолок пальтолор, жакеттер, накидкалар

5%

Накта булгаарыдан тигилген кийимдер

5%

Хрусталдан жасалган буюмдар, хрусталдан жасалган жарык берүү приборлору

20%

Атылчу жана газ куралдары (мамлекеттик бийлик органдарынын муктаждыгы үчүн сатып алынгандардан башка)

20%

Мунайзаттары : - бензин, жеңил жана орто дистилляттар жана башка бензиндер

1 т/3000 сом

- реактив майы

1 т/ 0 сом

- дизель майы

1 т/ 800 сом

- мазут

1 т/ 600 сом

- майлар жана газ конденсаты

1 т/1400 сом

- чийки мунай жана битум материалдарынан алынган чийки мунай заттары

1 т/ 600 сом

Килемдер жана килем буюмдары (ковролинден башка)

10%

Кофе жана какао

10%

Эскертүү:

\* - Акциз салыгынын ставкаларын кайра эсептөө этил спиртинин камтылышын эске алуу менен жүргүзүлөт. Негизги өлчөм - спирттин 40 көлөмдүк пайызы кошулган ичимдик.

\*\* - Шараптарга акциз салыгынын өлчөмдөрүн кайра эсептөө алардын түрлөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/262/st-2)

Акциз салыгын төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/262/st-3)

Акциз салыгынын өлчөмдөрүн кайра эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте инфляциянын расмий жарыяланган деңгээлин эске алуу менен квартал сайын жүргүзүлөт.

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/262/st-4)

Ушул Мыйзам 2000-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

1999-жылдын 30-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан каралган эмес

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясынын 4-пунктуна ылайык кабыл алынган
