# Осмонкулов айылдык кеңешинин 2011-жылынын 05-августундагы №6 "Осмонкулов айылдык округуна караштуу Ак-Коргон айылына коомдук өз алдынча башкаруу статусун берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Осмонкулов айылдык кеңешинин 2011-жылынын 05-августундагы №6 "Осмонкулов айылдык округуна караштуу Ак-Коргон айылына коомдук өз алдынча башкаруу статусун берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26086>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1631/edition/335612/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Осмонкулов айылдык кеңешинин 2011-жылынын 05-августундагы №6 "Осмонкулов айылдык округуна караштуу Ак-Коргон айылына коомдук өз алдынча башкаруу статусун берүү жөнүндө" токтому (05.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26086

---

ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Осмонкулов айылдык округдук Кеңешинин V-чакырылышына 2011- жылдагы №8 - кезексиз сессиясынын

2011-жылдын 5-августу №6 Осмонкулов айылдык округуна караштуу Ак-Коргон айылына коомдук өз алдынча башкаруу статусун берүү жөнүндө Осмонкулов айылдык округуна караштуу Ак-Коргон айыл элинин 2011-жылдын 3-августундагы жалпы жыйынында кабыл алынган Уставын карап чыгып Осмонкулов айылдык округдук Кеңеши ТОКТОМ КЫЛAT:

1.Ак-коргон айылына коомдук өз алдынча башкаруу статусу берилип, мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

2.Ак-Коргон айылынын коомдук өз алдынча башкаруу боюнча территориясы аныкталсын.

3.Чечимдин аткарылышына көзөмөлдүк кылып аткаруу жагы Осмонкулов айылдык округунун Ак-Коргон айылынын айыл башчысы Такеев Усейин Сыргаковичке жүктөлсүн.

Осмонкулов айылдык округдук кеңешинин төрагасы

Б.Кочоркулов

катчысы

А. Давлетов
