# Өмүралиев айылдык кеңешинин 2011-жылынын 19-декабрындагы №124 "Талас токой чарбасынын директору Э. Жаналиевдин каты жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Өмүралиев айылдык кеңешинин 2011-жылынын 19-декабрындагы №124 "Талас токой чарбасынын директору Э. Жаналиевдин каты жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26057>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1603/edition/335518/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өмүралиев айылдык кеңешинин 2011-жылынын 19-декабрындагы №124 "Талас токой чарбасынын директору Э. Жаналиевдин каты жөнүндө" токтому (19.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26057

---

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Өмүралиев айылдык кеңештин V чакырылышынын жыйырма төртүнчү кеңешмесинин

2011-жылдын 19-декабры №124 Талас токой чарбасынын директору Э. Жаналиевдин каты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.09.2006 - жылкы токтому менен бекитилген 2011-2015 жылдарга токой чарбасын өнүктүрүү иш аракеттеринин улуттук планын аткарылышын камсыз кылуу максатында, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 01.10.2011-жылы № 242 буйругунун негизинде айыл округунун пайдаланылбаган жерлеринен тез өсүүчү (тал, терек) токой көчөттөрүн отургузу) максатында 0.50 га жер аянтын бөлүп берүүгө айыл өкмөтүнө Талас токой чарбасынын директорунун кайрылып жазган катын талкуулап Өмүралиев айылдык кеңештин V чакырылышынын жыйырма төртүнчү кеңешмеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Өмүралиев айыл округунун аймагынан 0,50 га жер участогун айыл өкмөтүнүн пайдаланылбаган жерлеринен тез өсүүчү (тал, терек) токой көчөттөрүн отургузуу үчүн Талас токой чарбасына бөлүнүп берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл округунун башчысы К. Айталиевге милдеттендирилсин.

Өмүралиев айылдык кеңешинин төрагасы

Ж. Сагыналиев

Өмүралиев айылдык кеңешинин катчысы

3. Исманова
