# Өмүралиев айылдык кеңешинин 2011-жылынын 25-июлундагы №108 "Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Карбосов Жусунтун арызы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Өмүралиев айылдык кеңешинин 2011-жылынын 25-июлундагы №108 "Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Карбосов Жусунтун арызы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26042>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1588/edition/335488/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өмүралиев айылдык кеңешинин 2011-жылынын 25-июлундагы №108 "Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Карбосов Жусунтун арызы жөнүндө" токтому (25.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26042

---

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмесинин

2011-жылдын 25-июлу №108 Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Карбосов Жусунтун арызы жөнүндө Күн тартибиндеги маселе боюнча Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Карбосов Жусунтун арызын карап, талкуулап Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмеси ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1.Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Карбосов Жусун Мандай участкасындагы тooк сарайынын түштүк жагындагы өз жер үлүшүнүн жээгине жайгашкан жер участогуна там ,сарай салуусуна уруксат берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарды берүү жагы айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Айталиевке жүктөлсүн.

Өмүралиев айыл кеңешинин төрагасы

Ж.Сагыналиев

Өмүралиев айыл кеңешинин катчысы

З.Исманова
