# Учкоргон айылдык кенешинин 2011-жылдын 2-августундагы № 16 "Учкоргон айылдык округунун айылдык Кеңешинин бош депутаттык мандаттарын кароо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Учкоргон айылдык кенешинин 2011-жылдын 2-августундагы № 16 "Учкоргон айылдык округунун айылдык Кеңешинин бош депутаттык мандаттарын кароо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26034>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1581/edition/335930/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Учкоргон айылдык кенешинин 2011-жылдын 2-августундагы № 16 "Учкоргон айылдык округунун айылдык Кеңешинин бош депутаттык мандаттарын кароо жөнүндө"токтому (02.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26034

---

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Учкоргон айылдык Кеңешинин эл депутаттарынын кезексиз чакырылган сессиясы

2011-жылдын 2-августу №16 Учкоргон айылдык округунун айылдык Кеңешинин бош депутаттык мандаттарын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө КР кодексинин 87-беренесине ылайык жана Талас областык шайлоо комиссиясынын № 26 Токтомунун негизинде Учкоргон айылдык Кеңешинин эл дупутаттары. ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №1 Учкоргон шайлоо округунун депутаты Иманкулов Омурзак Каниметович КР 2008-жылдын 5-августундагы №195 мыйзамынын 5-статьясында көрсөтүлгөндөй муниципиалдык кызматка өткөндүгүнө жана Медеталиев Капар кайтыш болгондугуна байланыштуу депутаттык мандаты токтотулсун жана шайлоочулардын коп добушун алган №1 Учкоргон шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Султаналиев Байболтко жана Султакеева Уулканга дупутаттык мандат ыйгарылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылууну өзүмө калтырам.

Уч-Коргон айылдык Кеңешинин төрагасы

Орозалиев С.Ж
