# Учкоргон айылдык кенешинин 2011-жылдын 28-январы №4 "Учкоргон айылдык округунун аймагында жайгашкан Кызыл-Жылдыз айылынын Мира көчөсүндөгү барак тибиндеги үйлөрдү сатыкка коюу жана менчиктештирүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Учкоргон айылдык кенешинин 2011-жылдын 28-январы №4 "Учкоргон айылдык округунун аймагында жайгашкан Кызыл-Жылдыз айылынын Мира көчөсүндөгү барак тибиндеги үйлөрдү сатыкка коюу жана менчиктештирүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26023>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1570/edition/335863/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Учкоргон айылдык кенешинин 2011-жылдын 28-январы №4 "Учкоргон айылдык округунун аймагында жайгашкан Кызыл-Жылдыз айылынын Мира көчөсүндөгү барак тибиндеги үйлөрдү сатыкка коюу жана менчиктештирүү жөнүндө" токтому (28.01.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26023

---

УЧКОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Уч-Коргон айылдык Кеңешинин эл депутаттарынын ХХII сессиясынын ХIII чакырылышы

2011-жылдын 28-январы №4 Учкоргон айылдык округунун аймагында жайгашкан Кызыл-Жылдыз айылынын Мира көчөсүндөгү барак тибиндеги үйлөрдү сатыкка коюу жана менчиктештирүү жөнүндө Учкоргон айылдык Кеңешинин эл депутаттары Кызыл-жылдыз айылындагы Мира көчөсүнөн орун алган барак тибиндеги квартираларды көз каранды эмес баалоочунун баасын жана ошол уйлордо жашап жаткан уй бүлөлөр ушул аймактагы муктаж үй бүлөлөр экендигин эске алып Айылдык Кеңештин Эл депутаттары Токтом кылат: 1 Кызыл-жылдыз айылынын Мира көчөсүндө жайгашкан барак тибинде квартиралар көз каранды эмес баалоочунун баасынын негизинде ошол үйлөрдө жашап жаткан жашоочуларга сатыкка коюлсун.

2. Манас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан ушул токтомго тиешелүү документтерди берүү жагы суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы а/округ башчысынын орун басары А.Райымбековко милдеттендирилсин.

Учкоргон айылдык кенешинин торагасы

Орозалиев С.Ж.
