Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Учкоргон айылдык кенешинин «Учкоргон айылдык округунун аймагында жайгашкан Кызыл-Жылдыз айылынын Мира көчөсүндөгү барак тибиндеги үйлөрдү сатыкка коюу жана менчиктештирүү жөнүндө» токтому
УЧКОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Уч-Коргон айылдык Кеңешинин эл депутаттарынын ХХII сессиясынын ХIII чакырылышы
2011-жылдын 28-январы №4 Учкоргон айылдык округунун аймагында жайгашкан Кызыл-Жылдыз айылынын Мира көчөсүндөгү барак тибиндеги үйлөрдү сатыкка коюу жана менчиктештирүү жөнүндө Учкоргон айылдык Кеңешинин эл депутаттары Кызыл-жылдыз айылындагы Мира көчөсүнөн орун алган барак тибиндеги квартираларды көз каранды эмес баалоочунун баасын жана ошол уйлордо жашап жаткан уй бүлөлөр ушул аймактагы муктаж үй бүлөлөр экендигин эске алып Айылдык Кеңештин Эл депутаттары Токтом кылат: 1 Кызыл-жылдыз айылынын Мира көчөсүндө жайгашкан барак тибинде квартиралар көз каранды эмес баалоочунун баасынын негизинде ошол үйлөрдө жашап жаткан жашоочуларга сатыкка коюлсун.
2. Манас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан ушул токтомго тиешелүү документтерди берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы а/округ башчысынын орун басары А.Райымбековко милдеттендирилсин.
Учкоргон айылдык кенешинин торагасы
Орозалиев С.Ж.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 9 января 1998 года №16 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О налогах с…Постановление · 09.01.1998 · № 16 · Күчүн жоготкон