# 8-статья. Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособиенин өлчөмү

- Документ: [О государственных пособиях в Кыргызской Республике](https://aqlex.ai/kg/doc/26)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 05.03.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318 "О Государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 апреля 2008 года № 70 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202281)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.04.2008 [Закон КР от 25 апреля 2008 года № 70 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202281); 12.01.2002 [Закон КР от 12 января 2002 года N 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/951)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/26#diff=508687..508688>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-15/edition/508681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О государственных пособиях в Кыргызской Республике, 8-статья (25.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-8

---

Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие, үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешеси, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө карата алганда керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинен ашпаган шартта дайындалат. Ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:

а) он алты жашка чейинки балдарга (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары - окуусун бүткөнгө чейин) - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесинин ортосундагы айырмасындагы өлчөмдө пособие;

- бала төрөлгөндө - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 300% өлчөмүндө бир жолку берилүүчү пособие;

- эгиздерге - үч жашка чыкканга чейин ар бирине керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 100 процент өлчөмүндө пособие;

- үч жана андан көп эмге - ар бири он алты жашка жеткенге чейин керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 150% өлчөмүндө пособие;

- 1,5 жашка чейинки балдарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 100 процентинин өлчөмүндө пособие;

б) жыйырма бир жашка чейинки баштапкы кесипчилик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесипчилик окуу жайларынын студенттерине - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү жыйынды кирешесинин айырмасынын өлчөмүндө пособие;

в) иштебеген пенсионерлерге - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесинин айырмасынын өлчөмүндө пособие;

г) эмгекке жарамсыз граждандарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесинин айырмасынын өлчөмүндө пособие дайындалат.

Ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие(бала төрөлгөндөгү бир жолу берилүүчү пособиеден бөлөк), бирдиктүү ай сайын пособие алууга укуктуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгын эсепке алуу менен үй-бүлөгө жалпы өлчөмдө дайындалат. Үй-бүлөлүк бюджети бөлөк бир канча үй-бүлө чогуу жашаган учурда, ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие ар бир үй-бүлөгө өзүнчө дайындалат. (КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 70 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-9)
