8-статья. Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособиенин өлчөмү
Күчүн жоготкон · 25.04.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 апреля 2008 года № 70
Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие, үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешеси, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө карата алганда керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинен ашпаган шартта дайындалат. Ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
а) он алты жашка чейинки балдарга (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары - окуусун бүткөнгө чейин) - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесинин ортосундагы айырмасындагы өлчөмдө пособие;
- бала төрөлгөндө - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 300% өлчөмүндө бир жолку берилүүчү пособие;
- эгиздерге - үч жашка чыкканга чейин ар бирине керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 100 процент өлчөмүндө пособие;
- үч жана андан көп эмге - ар бири он алты жашка жеткенге чейин керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 150% өлчөмүндө пособие;
- 1,5 жашка чейинки балдарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 100 процентинин өлчөмүндө пособие;
б) жыйырма бир жашка чейинки баштапкы кесипчилик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесипчилик окуу жайларынын студенттерине - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү жыйынды кирешесинин айырмасынын өлчөмүндө пособие;
в) иштебеген пенсионерлерге - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесинин айырмасынын өлчөмүндө пособие;
г) эмгекке жарамсыз граждандарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесинин айырмасынын өлчөмүндө пособие дайындалат.
Ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие(бала төрөлгөндөгү бир жолу берилүүчү пособиеден бөлөк), бирдиктүү ай сайын пособие алууга укуктуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгын эсепке алуу менен үй-бүлөгө жалпы өлчөмдө дайындалат. Үй-бүлөлүк бюджети бөлөк бир канча үй-бүлө чогуу жашаган учурда, ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие ар бир үй-бүлөгө өзүнчө дайындалат. (КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 70 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 25.04.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 апреля 2008 года № 70 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 января 2002 года N 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/26/st-8" title="8-статья - О государственных пособиях в Кыргызской Республике (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>