# 34-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

- Документ: [О государственных пособиях в Кыргызской Республике](https://aqlex.ai/kg/doc/26)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 05.03.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318 "О Государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-15/edition/508681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О государственных пособиях в Кыргызской Республике, 34-статья (25.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-34

---

1. Ушул Мыйзам 1998-жылдын 1-майынан тартып колдонууга киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ушул Мыйзам тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бийлик укугуна таандык кылынган маселелер боюнча зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. 1998-жылдын 1-майынан тартып:

- "Балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик пособиелер жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-ж., N 22, 706-ст.);

- "Балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик пособиелер жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-ж., N 22, 707-ст.);

- "Балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик пособиелер жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1992-ж., N 4/2, 191-ст.)

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-бөлүмүнүн пункту (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., N 2, 62-ст.);

- "Кыргыз Республикасында граждандарды пенсия менен камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тартиби жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., N 5, 150-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

"Эркин Тоо" газетасынын 1998-жылдын 18-мартында N 32-33 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

1998-жылдын 11-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-33)
