# 30-статья. Мамлекеттик пособиелерди дайындоо жана төлөп берүүгө байланышкан талаш-тартыштар

- Документ: [О государственных пособиях в Кыргызской Республике](https://aqlex.ai/kg/doc/26)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 05.03.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318 "О Государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-15/edition/508681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О государственных пособиях в Кыргызской Республике, 30-статья (25.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-30

---

Талаш-тартыш маселелерди кароо үчүн райондук (шаардык) мамлекеттик администрациялар тарабынан граждандардын мамлекеттик пособиелер дайындоо жана төлөп берүү жөнүндөгү даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссиялар түзүлөт. Комиссиянын курамына райондук (шаардык) социалдык коргоо башкармасынын, финансы бөлүмүнүн, салык кызматынын, айыл чарба бөлүмүнүн, статистика башкармалыгынын жана жер ресурстары боюнча бөлүмдүн башчылары киришет. Комиссия:

- мамлекеттик пособиелерди дайындоодон негизсиз баш тартуу жана мамлекеттик пособиелердин туура эмес дайындалгандыгы жөнүндө граждандардын арыздарын;

- мамлекеттик пособиелердин өз убагында төлөнбөгөндүгү жөнүндө арыздарды;

- мамлекеттик пособиелердин негизсиз төлөнбөгөн суммаларын өндүрүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда, талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги тарабынан же мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-31)
