# 3-статья. Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

- Документ: [О государственных пособиях в Кыргызской Республике](https://aqlex.ai/kg/doc/26)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 05.03.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318 "О Государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 января 2002 года N 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/951)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/26#diff=508682..508683>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-15/edition/508681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О государственных пособиях в Кыргызской Республике, 3-статья (25.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-3

---

Мамлекеттик пособие - аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие жана ай сайын берилүүчү социалдык пособие. Эмгекке жарамсыз граждандар - он алты жашка чыга элек балдар, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (МСЭК) тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган граждандар, пенсия курагына жеткен граждандар. Жыйынды киреше - отчеттук мезгил ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелери, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (пенсиялар, стипендиялар, пособиелер, материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөөлөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы. Жан башына туура келүүчү орточо жыйынды киреше - бир айга же бир жылга үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө эсептелген үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси. Аз камсыз үй-бүлө - ар бир үй-бүлө мүчөсүнө карата алган кирешеси керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинен аз болгон үй-бүлө. Муктаждыкты аныктоо - ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособиени дайындоо үчүн зарыл болгон, үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө. Ай - календарлык ай. Жыл - 12 айлык мезгил. Үй-бүлөнүн курамы - үй-бүлө курамына туугандык мамилелери жагынан байланышкан, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон адамдар киргизилет. (КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-4)
