28-статья. Айыл өкмөтү, ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан маалымат каттар берүү
Күчүн жоготкон · 25.04.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318.
Фермердик жана дыйкан чарбаларындагы мал-жандыктарынын (малды, канаттуулары) саны жана түрлөрү жөнүндө маалымат каттарды алардын турган жери боюнча айыл өкмөтү берет. Көмөкчү участогунун өлчөмүн, мал-жандыктарынын (малы, канаттуулары) саны жана түрлөрүн көрсөтүү менен граждандарын өздүк көмөкчү чарбасынын болушу жөнүндө маалымат каттарды айыл өкмөтү берет. Айыл өкмөтү, менчигинин жана чарба жүргүзүшүнүн түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие дайындоо үчүн социалдык коргоо органдарына берилүүчү зарыл маалымат каттарды граждандарга үч күндүк мөөнөттө толтуруп - каттоого жана берүүгө милдеттүү. Мамлекеттик пособиелерди дайындоо үчүн керектүү маалымат каттар акысыз берилет. Граждандарга мамлекеттик пособиелер дайындоо үчүн берилүүчү маалымат каттардын аныктыгына көзөмөлдүктү менчигинин жана чарба жүргүзүшүнүн түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери жүзөгө ашырышат.
Берененин тексти 25.04.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/26/st-28" title="28-статья - О государственных пособиях в Кыргызской Республике (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>