# 21-статья. Мамлекеттик пособиелерди төлөп берүү

- Документ: [О государственных пособиях в Кыргызской Республике](https://aqlex.ai/kg/doc/26)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 05.03.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318 "О Государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июля 2004 года №81 " О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1480)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.07.2004 [Закон КР от 1 июля 2004 года №81 " О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1480); 12.01.2002 [Закон КР от 12 января 2002 года N 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/951)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/26#diff=508684..508685>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-15/edition/508681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О государственных пособиях в Кыргызской Республике, 21-статья (25.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-21

---

Мамлекеттик пособиелерди алуучуларга пособиелер үстүдөгү ай үчүн катталган жери боюнча райондук (шаардык) почта бөлүмдөрү тарабынан төлөнүп берилет. Мамлекеттик пособиелер:

- толук мамлекеттик камсыздоодо турган балдарга, дайындалган ай сайын берилүүчү социалдык пособиенин 25 проценти өлчөмүндө;

- кары-картаңдар жана майыптар үчүн үй-интернаттарында (пансионаттарда) жашаган жалгыз бой граждандарга дайындалган ай сайын берилүүчү социалдык пособиенин 25 проценти өлчөмүндө;

- ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга (тоголок жетимдерге) толук мамлекеттик камсыздоодо жүргөн мезгилинде мамлекеттик пособие толук өлчөмдө;

- мамлекеттик камсыздоодо жарым-жартылай турган балдарга мамлекеттик пособие толук өлчөмдө төлөнүп берилет.

Дайындалган жана алуучулар тарабынан өз убагында алынбаган ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособиелер өткөн мезгил үчүн, бирок алты айдан ашпаган мөөнөт үчүн жана ай сайын берилүүчү социалдык пособие - бир жылдан ашпаган мөөнөт үчүн төлөнүп берилет. Социалдык коргоо органдарынын күнөөсү боюнча өз убагында алынбаган мамлекеттик пособиелер өткөн мезгил үчүн кандайдыр бир мөөнөт менен чектөөсүз, инфляциянын расмий белгиленген деңгээлин эсепке алуу менен, ошондой эле ар бир узартылган күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 проценти өлчөмүндө үстөк кошулуп төлөнүп берилет. Алуучуга өткөн убакыт үчүн тийиштүү болгон жана анын өлгөндүгүнө байланыштуу алынбай калган мамлекеттик пособие, эгерде аны алуу үчүн кайрылуу алуучу өлгөн учурдан тартып 12 айдан кечиктирилбей берилсе, үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин арызы боюнча анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө төлөнүп берилет. Мамлекеттик пособиелерди төлөөгө тиешелүү суммалар, мамлекеттик пособие алуучулардын коммуналдык-техникалык тейлөө кызматтары (суу менен камсыздоо, суу берүү, таштандыларды чыгаруу, подъездерди, үйлөрдүн чатырын оңдоо, газ, электр жана жылуулук кубаты, телефондук тейлөө кызматтары ж.б.) үчүн салыктар жана жыйымдар боюнча карыздарын, жогоруда аталган тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү ведомстволордун республикалык бюджетке болгон карызын жоюунун эсебинен кайтарылма каржылоо жүргүзүү жолу менен жоюу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Бул статьялардын ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. (КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2004-жылдын 1-июлундагы N 81 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-22)
