# 18-статья. Ай сайын берилүүчү социалдык пособиелерди дайындоо мөөнөттөрү

- Документ: [О государственных пособиях в Кыргызской Республике](https://aqlex.ai/kg/doc/26)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 05.03.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318 "О Государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 августа 2005 года № 148 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1746)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.08.2005 [Закон КР от 13 августа 2005 года № 148 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1746); 12.01.2002 [Закон КР от 12 января 2002 года N 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/951)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/26#diff=508685..508686>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-15/edition/508681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О государственных пособиях в Кыргызской Республике, 18-статья (25.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-18

---

Ай сайын берилүүчү социалдык пособие дайындоо жөнүндө документтер толук көлөмдө келип түшкөн учурдан тартып он күндүн ичинде каралат. Зарыл болгон документтер эки айлык мөөнөт өткөндөн кийин берилген учурда, пособие дайындоо акыркы документ келип түшкөн күндөн тартып жүргүзүлөт. Ай сайын берилүүчү социалдык пособие:

а) он сегиз жашка чейинки майып балдарга - эгерде пособие алуу үчүн кайрылуу МСЭК маалымат кат берген күндөн алты айдан кечиктирилбей берилсе, МСЭК тарабынан маалымат кат берилген күндөн баштап, көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кайрылуу жасалган айдан тартып алар он сегиз жашка толгонго чейин;

б) бала кезинен майыптарга, эмгек пенсиясын алууга укугу жок майыптарга - МСЭК тарабынан белгиленген майыптык мезгилге дайындалат. Эгерде ай сайын берилүүчү социалдык пособие алуу үчүн кайрылуу майыптык белгилеген күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен берилсе, ал майыптык ВЭЭК тарабынан белгиленген күндөн тартып, көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кайрылган айдан тартып дайындалат;

в) кары-картаң граждандарга жана баатыр-энелерге - ай сайын берилүүчү социалдык пособие алууга кайрылуу жасалган айдын биринчи күнүнөн - өмүрү өткөнгө чейин;

г) пенсиялык камсыздоого укугу жок болсо, багуучусунан ажыраган балдарга - ай сайын берилүүчү социалдык пособие алуу укугу пайда болгон күндөн тартып, бирок ай сайын берилүүчү социалдык пособиеге кайрылуунун алдындагы он эки айдан ашпаган мезгилден - алар он алты жашка чыкканга чейин, жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучуларына алар окуусун бүтүргөнгө чейин, баштапкы кесипчилик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесипчилик окуу жайларынын студенттерине, билим алуунун күндүзгү түрүндө алар окуусун бүтүргөнгө чейин, бирок жыйырма үч жаш куракка чыккандан ашпаганга чейин дайындалат;

д) ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга - туулган күнүнөн тартып, эгер пособие үчүн кайрылуу алты айдан ашык эмес убакыттын ичинде болсо, көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнчө - кайрылган айынан тартып, алар он сегиз айга толгонго чейин.

(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144 Мыйзамынын, 2005-жылдын 13-августундагы N 148 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 70 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-17-1)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-19)
