# 10-статья. Ай сайын берилүүчү социалдык пособие алууга укуктуу адамдар

- Документ: [О государственных пособиях в Кыргызской Республике](https://aqlex.ai/kg/doc/26)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 05.03.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318 "О Государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 августа 2005 года № 148 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1746)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.08.2005 [Закон КР от 13 августа 2005 года № 148 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1746); 12.01.2002 [Закон КР от 12 января 2002 года N 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/951)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/26#diff=508685..508686>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-15/edition/508681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О государственных пособиях в Кыргызской Республике, 10-статья (25.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-10

---

Ай сайын берилүүчү социалдык пособие алууга:

а) он сегиз жашка чейинки, балдардын церебралдык шал ооруусу менен ооруган, ВИЧ-инфекциясына чалдыккан же СПИД менен ооруган майып-балдар;

б) I, II, III топтогу бала кезинен майыптар;

в) пенсия алууга укугу жок - I, II, III топтогу майыптар;

г) пенсия алууга укугу жок - кары-картаң граждандар;

д) пенсия алууга укугу жок - баатыр энелер;

е) пенсиялык камсыздоого укугу жок - багуучусунан ажыраган балдар укуктуу болушат;

ж) ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга - алар төрөлгөндөн тартып он сегиз айга чейин.

Ай сайын берилүүчү социалдык пособие үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесине карабастан дайындалат. Ушул главада каралган ай сайын берилүүчү социалдык пособиелердин бир канча түрүн(багуучусунан ажыраган учурда майыптарга социалдык пособиеден бөлөк) алууга укуктуу болгон учурда, ай сайын берилүүчү социалдык пособиелердин ар кандай түрлөрүн алууга укуктуу адамдын каалоосу боюнча анын бири гана дайындалат. (КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2005-жылдын 13-августундагы N 148 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/26/st-11)
