# Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2017-жылдын 3-июлундагы № 2/5 "Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2017-жылдын 3-июлундагы № 2/5 "Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/5
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/259106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33411/edition/822886/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2017-жылдын 3-июлундагы № 2/5 "Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому (03.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/259106

---

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги 2-сессиясы

2017-жылдын 3-июлу № 2/5 Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010 жылдын 25 мартындагы № 184 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө» типтүү жобонун талаптарына ылайык, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун расмий сайтында жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу максатында, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы II-cессиясы) ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VII чакырылыштагы) сессияларында кабыл алынуучу токтомдор мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдору Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин расмий сайтына :www :kok-zhanak.my1.ru жарыялынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы жагын өзүмө калтырам.

Төрага

Б. Маткаримов
