# Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 4 "Мамлекеттик фондун жерлеринин ижара акылары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 4 "Мамлекеттик фондун жерлеринин ижара акылары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/259060>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33365/edition/800107/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 4 "Мамлекеттик фондун жерлеринин ижара акылары жөнүндө" токтому (23.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/259060

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 27- сессиясы

2016-жылдын 23-ноябры № 4 Мамлекеттик фондун жерлеринин ижара акылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүн , Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жыл 29.06. № 1997-III токтому менен бекитилген мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлерин ижарачы шарттары жана тартиби жөнундөгү типтүү жобону айыл өкмөт башчысынын орун басары Т.Мусановдун сунуш катын негиздеп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөттүн аймагындагы мамлекеттик фондун жерлери ижарага мыйзам чегинде берилсин.

2. Баштапкы ижара акыларынын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:

Орто-Азия айылында 1 га сугат жер 3500 сом Бостон айылында 1 га сугат жер 3500 сом Таштак айылында 1 га сугат жер 3500 сом Кызыл-Сеңир айылында 1га сугат жер 4500 сом Ак-Баш айылында 1 га сугат жер 3000-4500 сом Жаңы-Ачы айылында 1 га сугат жер 3000-4500 сом Жалпы аянттары 1 га сугат жер 500-600 сом Кайракы жерлер 1 га жер 600 сом Чөп орок жерлер 1 га жер 500 сом Бак эгилген жер 1 га жер 3500 сом

3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин, мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмот башчысы А.Асановго тапшырылсын.

Төрайым

Т. Наримбетова
