# Теплоключенка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-февралындагы № 10 "Айылдык кеңештин иш кагаздарынын баалуулугунун экспертизасын жүргүзүү үчүн эксперттик комиссия түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Теплоключенка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-февралындагы № 10 "Айылдык кеңештин иш кагаздарынын баалуулугунун экспертизасын жүргүзүү үчүн эксперттик комиссия түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/259041>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33346/edition/799163/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Теплоключенка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-февралындагы № 10 "Айылдык кеңештин иш кагаздарынын баалуулугунун экспертизасын жүргүзүү үчүн эксперттик комиссия түзүү жөнүндө" токтому (14.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/259041

---

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Теплоключенка айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын 4- сессиясы

2017-жылдын 14-февралы № 10 Айылдык кеңештин иш кагаздарынын баалуулугунун экспертизасын жүргүзүү үчүн эксперттик комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик архивдик фондусу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык кеңештин иш кагаздарынын баалуулугунун экспертизасын жүргүзүү үчүн төмөндөгү курамында эксперттик комиссия түзүлсүн:

Мусралиева Зульфия – а/к төрагасынын орун басары, ЭК төрайымы; Джумабаева Б.Р. – жооптуу катчы, ЭКтөрайымынын орун басары; Болотова А.К. – а/ө архивариусу, ЭК катчысы; Алагушева В. – а/к депутаты, соц.маселелер б/ча туруктуу комиссиянын мүчөсү; Шарипова Б.А. – башкы адис-юрист

2. ЭК өз ишинде Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик архивдик фондусу жөнүндө” Мыйзамды жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын негизинде иш алып барылсын.

3. Айылдык кеңештин ЭКнын 2017-жылга карата иш планы бекитилсин жана ЭКнын функционалдык милдеттери бөлүштүрүлсүн.

Төрага

Э.А.Темиров
