Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Н. Исанов айылдык Кеңешинин «Идентификациялоо жөнүндө» токтому
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын 13- отуруму (сессиясы)
2017-жылдын 11-февралы № 13-1 Идентификациялоо жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 5 айылга элдин малын эмдеп кароо боюнча 4 ветеринардык сервистер бар, алар бүгүнкү күнү статтык каттоодон өтүп кызмат кылып жатат. Кыргыз Республикасында малдарды идентификациялоо мыйзамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 5- декабрындагы 2016- жылдын 11- апрелиндеги № 187 токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фито санитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2016- жыллдын 18- нояьрындагы № 176 буйругунун негизинде малдарды идентификациялоо жоболоруна таянып жана 2016- жылдын 11-15- июлундагы ЕАЭтин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин шарттарына ылайык Н. Исанов айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке менчик кара малдарды идентификациядан өткөрүү боюнча ветеринардык сервисинин врачтарына малдын ээси тарабынан 30,0 сомдон төлөп берүү жана оператор кызмат акысына 2,24 тыйын төлөп берүү үчүн айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айыл тургундарынын жеке менчик малдарын идентификациялоодон өткөрүү үчүн жеке менчик вет сервисинин, вет врачтарынын ар бир кара малдын башына бирка таккандыгы үчүн 30,0 сомдон малдын ээси тарабынан төлөп берилсин.
Оператор кызматкерлерине малдын ээси тарабынан 2,24 тыйындан төлөп берилсин. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл өкмөтүнүн ветеринардын инспектору М. Абдыкаимовго тапшырылсын.
Төрага
Ж. Нурмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016- жылдын 11 апрелиндеги № 187 токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 187