Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Суу-Башы айылдык кеӊешинин «Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы Кара-Токой айылындагы мурдагы МТФнын батыш жана эски тооккананын чыгыш тарабынан иштетүүгѳ ынгайсыз жерден ижаралык ыкма менен ѳздѳштүрүү үчүн жер аянтын бѳлүп берүү жѳнүндѳ» токтому
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊештин V чакырылышынын кезексиз XXXXIII сессиясы
2016-жылдын 18-августу № 43
Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы Кара-Токой айылындагы мурдагы МТФнын батыш жана эски тооккананын чыгыш тарабынан иштетүүгѳ ынгайсыз жерден ижаралык ыкма менен ѳздѳштүрүү үчүн жер аянтын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусу жѳнүндѳгү» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 сандуу токтомунун, Жер кодексинин 32-беренесине ылайык жана Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын инвентаризациялоо материалынын негизинде Суу-Башы айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын инвентаризациялоо материалында кѳрсѳтүлгѳн Кара-Токой айылындагы мурдагы МТФнын батыш жана эски тооккананын чыгыш тарабынан иштетүүгѳ ынгайсыз жерден ижаралык ыкма менен ѳздѳштүрүү үчүн 7 га жер аянтын ижарачы ѳзүнүн эсебинен каражат жумшап (жерди тегиздеп,чункурларды толтуруп, арык салып, суу чыгарып жана башка) келишимдин негизинде 7 (жети) жылдык мѳѳнѳт менен ижаралык ыкмада ѳздѳштүрүү үчүн берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн жерге жайгаштыруу маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тɵрага
К. Маркаев
2.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон